Кыргыз-өзбек чек арасында ок атылып, үч Кыргыз жараны каза болду

Кечээ, 5-майда кыргыз-өзбек мамлекеттик чек ара тилкесинин Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл аймагынын Дөбө-Коргон жерлигинде Өзбекстандын чек арачылары Кыргыз Республикасынын үч жаранына курал колдонушкан. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Анын натыйжасында Кыргызстандын 1974-жылы туулган А.К., 1998-жылы туулган А.Ж. жана 2000-жылы туулган А.Ж., жарадар болуп, Ала-Бука районунун ооруканасына жеткирилип, эсине келбей, алган октон улам каза болду. Окуянын чоо-жайын тактоо максатында Кыргызстандын Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү дароо Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөрүп, анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы боюнча жолугушууну бүгүн, 6-майда улантууну макулдашты. Келип чыккан окуя боюнча тиешелүү органдарга да маалымат берилип, тергөө амалдары башталды.