“Кыргыз почтасы” акционердик коому мушкер Хабиб Нурмагомедовдун атасынын урматына марка чыгарды. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди.
«Кыргыз почтасынын» жетекчиси Марат Черикчиев спортчуга спорттун өнүгүшүнө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, атасы көп сандаган спортчуларды тарбиялап өстүргөнүн жана почта маркасында анын элесин түбөлүккө калтыруу керектигин айткан.
Почта маркасы 6 миң нускада чыгарылган, бир марканын баасы 65 сом.