Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирет

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыш аймагындагы чыңалуунун күчөшүнө байланыштуу олуттуу тынчсыздануусун билдирет. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирүү таратты.

Кыргыз Республикасы аймактагы кырдаалды тынчтык жолу менен жөнгө салуу максатында эл аралык коомчулуктун күч-аракеттерин бириктирүүнү, Бириккен Улуттар Уюмунун Уставына жана эл аралык укуктун ченемдерине ылайык иш алып барууну жактайт. Ошондой эле тараптарды максималдуу сабырдуулукка чакырып, согуштук аракеттерди кечиктирбестен токтотууга жана кырдаалды жалаң гана тынчтык жолу менен чечүү үчүн конструктивдүү диалогго мүмкүн болушунча тез кайтууга багытталган бардык зарыл чараларды көрүүгө үндөйт.