Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин кубаттайт

Кыргыз Республикасы Жакынкы Чыгыштагы ок атышууну токтотуу боюнча макулдашуунун жетишилгенин, ошондой эле Пакистандын премьер-министри Шахбаз Шарифтин жана башка кызыкдар тараптардын чыңалууну төмөндөтүүгө жана тынчтык диалогун илгерилетүүгө багытталган аракеттерин кубаттайт.
Бардык пикир келишпестиктерди БУУнун Уставынын жана эл аралык укуктун жалпы таанылган нормаларынын негизинде саясий жана дипломатиялык жол менен гана чечүүнү ырааттуу жактап, Кыргыз Республикасы аймакта туруктуу жана узак мөөнөттүү тынчтыкка жетишүүгө үмүттөнөрүн билдирет.