Кыргыз Эл артисти Сталбек Бактыгулов 69 жашында дүйнө салды

Кыргыз Республикасын эл артисти, белгилүү композитор Сталбек Бактыгулов 69 жаш курагында дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Сталбек Бактыгулов 1954-жылы 7-октябрда Чүй районунун Кегети айылында туулган. 1972-жылы Мураталы Күрөңкеев атындагы Кыргыз Мамлекеттик музыкалык окуу жайында, 1976-1981-жылдары Бүбүсара Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик маданият жана искусство университетинде билим алган.

Маркум менен коштошуу зыйнаты эртең, 31-августта саат 15:00дө Чыгыш-5 кичи районундагы өзү жашаган үйдө өтөт.