Кыргыз Республикасынын Баатыры, Улуттук илимдер академиясынын академиги Мамбет Мамакеевич Мамакеев 98 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Мамбет Мамакеев 1927-жылы 1-октябрда Ысык-Көл облусунун Кереге-Таш айылында туулган. Ал эмгек жолун 1952-жылы Кыргыз мамлекеттик медициналык институтунун дарылоо факультетин аяктагандан кийин хирург катары баштаган. Анын профессионалдык карьерасы 70 жылдан ашык убакытка созулуп, Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын госпиталдык хирургия кафедрасында ассистент жана доценттен профессор жана кафедра башчысына чейинки өсүштү камтыйт. 1996-2014-жылдары Мамбет Мамакеевич КР ССМнын Улуттук хирургия борборун жетектеген.
Ал 30 миңден ашык операция жасап, 100 миңге жакын оорулууларга консультация берип, дарылап, көптөгөн инновациялык дарылоо ыкмаларын практикага киргизип, кечиктирилгис кыргыз хирургия мектебинин негиздөөчүсү жана КМШ өлкөлөрүндө лапароскопиялык хирургиянын пионери болуп калды. Анын эмгегинин негизинде татаал хирургиялык операцияларда өлүмдү бир топ кыскартууга мүмкүндүк берди жана ал Кыргызстанда заманбап хирургиянын пайдубалын түптөгөн. Академиктин олуттуу жетишкендиктеринин негизгиси илимий-изилдөөчүлүк мамилени, илимий-билим берүү багытын жана улуттук медицина салттарын айкалыштырып, Кыргызстандагы медицинанын флагманы болгон илимий хирургиялык мектепти түзгөнү болду. Бул мектеп гепатопанкреатобилиардык, гастроэнтерологиялык, эндоскопиялык жана кечиктирилгис хирургияга адистештирилген жана республикадагы хирургиялык кызматтын структурасын, функциясын өркүндөтүүгө багытталган Улуттук хирургия борборун түзүүдө чечүүчү роль ойногон.
Көрүнүктүү адистерди даярдоо жана 14 илимий багытты камтуу менен Мамакеевдин мектеби хирургиялык билимди модернизациялоо жана хирургиялык кызматты өркүндөтүүнүн Улуттук программасын иштеп чыгуунун негизин түздү. Бул өлкөбүздө медициналык илимдин жана практиканын сапаттуу деӊгээлге чыгуусуна шарт түздү.
Мамбет Мамакеевич Кыргыз Республикасынын Баатыры наамы, I, II жана III даражадагы Манас ордендери, ошондой эле Октябрь Революциясы, Эмгек Кызыл Туу жана СССР элдеринин достугу ордендери сыяктуу көптөгөн жогорку мамлекеттик сыйлыктар менен сыйланган. Ал Кыргыз Республикасынын илимине Эмгек сиңирген ишмери жана Эмгек сиңирген дарыгери, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик сыйлыгынын жана И.К.Ахунбаев атындагы сыйлыктын лауреаты болгон. Анын жетишкендиктери Кыргызстанда гана эмес, эл аралык аренада да таанылды: M.M.Мамакеев Бүткүл дүйнөлүк хирург-гастроэнтерологдорунун ассоциациясынын (Франция), Эл аралык хирургдар ассоциациясынын (Швейцария) жана Н.И. Пирогов атындагы Эл аралык хирургдар ассоциациясынын ардактуу мүчөсү болгон. (Россия). Анын жетекчилиги менен медицина илимдеринин 20 доктору жана 22 кандидаты даярдалып, өзү 260тан ашык илимий эмгектин жана 13 монографиянын автору болгон. Мамбет Мамакеевич коомдук ишке активдүү катышып, Кыргыз ССР Жогорку Советинин эки чакырылышынын депутаты жана Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин эки чакырылышынын депутаты болгон.