Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Абас Чикеев көз жумду

27-январда Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, обончу, аткаруучу жана диктор Абас Чикеев оорудан улам дүйнө салды. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

Ал Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Байтик айылында 1947-жылы 21-июлда туулган.

1963-жылы Республикалык Эл чыгармачылыгы үйүнүн аккордеончулар курсун бүтүрүп, 1964-1967-жылдары Күрөңкеев атындагы Кыргыз мамлекеттик музыкалык-хореографиялык окуу жайынан билим алган.

1967-1969-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн. 1969-жылы радиодо диктор, 1971-жылы Ысык-Көл радио-телеберүүсүндө башкы диктор болуп иштеген.

1977-жылы Бүткүл Союздук радио уктуруу боюнча телерадио кызматкерлеринин квалификациясын жогорулатуу институтунун Ташкендеги филиалында дасыгын жогорулатып, ошол эле жылы Кыргыз телерадиокорпорациясына радионун диктору жана телерадиосунун оркестрине жана хоруна солист болуп которулган.

1980-1985-жылдары Кыргыз мамлекеттик орус тили жана адабияты педагогикалык институтунда, 1986-1991-жылдары Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунан билим алган.

Бир катар КМШ өлкөлөрүндө чыгармачылык сапарда болуп, Бүткүл Союздук кароолордун бир нече жолку лауреаты жана Ардак грамоталар менен сыйланган. 1991-жылы «Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти» наамы ыйгарылган.