Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев мезгилсиз өмүрдөн өттү

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Азиз Мурадиллаев мезгилсиз өмүрдөн өттү. Бул тууралуу суук кабарды Ассоль Молдокматова жарыялады.

Азиз Мурадиллаевдин каза болгонун жубайы Эльвира айтканын жана анын акыркы каалоосу анын сөөгү «Ала-Арча» көрүстөнүнө берүүсү болгонун билдирди.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Азиз Мурадиллаевдин мезгилсиз өмүрдөн өткөнүнө байланыштуу анын жакындарына жана туугандарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.

3-декабрда актёрдун реанимацияга түшүп калганы маалым болгон. Боорду алмаштыруу үчүн операцияга акча чогулта башталыпСадыр Жапаров ага 42 миң доллар берген. 5-декабрда донор изделип жатканы айтылган. 15-декабрда абалы кайрадан начарлап кеткени, тез арада башка өлкөгө учуу чечими кабыл алынганы маалымдалган.

44 жаш курагында оорудан улам каза болгон Азиз Мурадиллаев Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти, Чыңгыз Айтматов атындагы эл аралык сыйлыктын лауреаты. Ал 1978-жылы Фрунзе шаарында туулган. Мектепти аяктагандан кийин Кыргыз улуттук драма театрынын алдындагы театралдык окуу жайга тапшырган. Кийин 1997-жылы Москвадагы Щепкин атындагы жогорку театралдык окуу жайга тапшырып, аны 2001-жылы аяктаган. Учурда Кыргыз мамлекеттик академиялык драма театрында иштеп жаткан.