Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Камчыбек Турсункулов каза болду

Белгилүү обончу жана аткаруучу, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти Турсункулов Камчыбек Саипович 68 жаш курагында кайтыш болду. Бул тууралуу Маданият министрлигинен маалымдашты.

Камчыбек Турсункулов 1956-жылы 8-июлда Жалал-Абад облусунун Ноокен районунунун Шайдан айыл аймагына караштуу Бирлик айылында туулган. Ош мамлекеттик университетинин музыкалык факультетин аяктаган. Жалал-Абад облусунун Ноокен районунун маданият үйүндө жана маданият бөлүмүндө, ошондой эле Майлы-Сай шаардык маданият бөлүмүндө эмгектенген. Акыркы жылдары “Шайыр апалар” долбоорунда активдүү катышып, эмгектенип келген.

Ал «Оо карындаш», «Сиз дейинчи», «Унуталбайм», «Музыка сахнасы» жана башка элге сиңген бир катар белгилүү ырлардын автору болчу. Камчыбек Турсункуловго кыргыз маданиятына сиңирген эмгеги мамлекет тарабынан бааланып, 2019-жылы “Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген артисти” наамы ыйгарылган.

Маркумдун сөөгү бүгүн, 8-майда өзү туулган Бирлик айылында жерге берилди.