Ырчы Нуриза Абазованын бир тууганы каза болду

Кыргыз Республикасынын Эмгек сиңирген артисти Таалайкан Абазова менен эстрада ырчысы Нуриза Абазованын бир тууганы Бакытбек Абазов каза болду. Бул тууралуу ырчы өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

«Баарыбызга баш көз болуп турчу элеңиз. Бир боорум, бир тууганым, акыры ажал сизди бизден алып кетти. Бала кезибизде «мен силерге ким болом?» деп сураганыңызда, «көсөмүбүз болосуз» десек ыраазы болуп калчу элеңиз. Эми биз көсөмүбүздөн айрылып калдык», — дейт ал.

Бакытбек Абазов буга чейин боордун циррозу жана кант диабети менен жабыркап келген. Ырчынын агасына өткөн жылдын ноябрь айында Орусиянын Новосибирск шаарында операция жасалган. Маркумга өзүнүн баласы донор болуп берери кабарланган.

СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигинин жалпы жамааты Абазовдордун үй-бүлөсүнө жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтат.