Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө жарлыкка кол коюлду

Президент Садыр Жапаров Кыргыз Республикасынын президентине караштуу Жарандык боюнча комиссиясынын сунушун эске алып, Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жана чыгаруу жөнүндө үч жарлыкка кол койду. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди.

Кыргыз Республикасынын президентинин 2 жарлыгы 548 адамды (399 – чоң киши жана 149 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгына кабыл алуу жөнүндө. Алардын көпчүлүгүн тарыхый мекенине кайтып келген этникалык кыргыздар түзөт.

Мамлекет башчынын 1 жарлыгы 102 адамды (83 – чоң киши жана 19 – бала) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыгаруу жөнүндө. Бардыгы — 650 адам (482 – чоң киши жана 168– бала).