Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаева каза болду

Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер Алымкан Дегенбаева дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу Маданият министрлигинен билдиришти.

20-июлда Кыргыз Республикасынын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, акын жана котормочу Алымкан Дегенбаева 82 жаш курагында мезгилсиз дүйнөдөн кайтты.
Алымкан Дегенбаева 1941-жылдын 12-майында Чүй облусунун Москва районуна караштуу Беловодское айылында туулган. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин сырттан окуп бүтүргөн.

Эмгек жолун 1958-жылдан алгач фабрикада тигүүчү болуп баштап, Сүрөтчүлөр үйүндө килемчи, республикалык Эл чыгармачылык үйүндө машинистка, мектепте мугалим, Ош пединститутунда лаборант, китепканачы, окутуучу, Кыргыз Республикасынын Улуттук Жазуучулар союзунда адабий кеңешчиси, Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук академиялык драма театрында, Шаршен Термечиков атындагы Чүй облустук драма театрында, А. Өмүралиев атындагы Бишкек шаардык драма театрында адабий бөлүмдүн башчысы болуп эмгектенген.