Кыргыз-тажик чек ара боюнча өкмөттүк делегациялардын жолугушуусу Баткенде өттү

Кыргыз Республикасынын жана Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын топографиялык жумушчу топторунун 2023-жылдагы жолугушууларынын план-графигине ылайык, 3-июлдан 9-июлга чейинки кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча кезектеги жолугушуусу Кыргыз Республикасынын Баткен шаарында болуп өттү.

Жолугушуунун жыйынтыгында тиешелүү протоколго кол коюлду. Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү. Жумушчу топтордун кийинки жолугушуусу Тажикстан Республикасынын аймагында болоору пландалууда.