Кыргыз-тажик чек ара жаңжалы. Баткен районунун Максат айылында 60 үй-бүлө жаңы үйлөргө көчүштү

Президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгү СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине кыргыз-тажик чек ара жаңжалынан кийинки калыбына келтирүү иштери жөнүндө маалымат берди.

«29-30 апрель күндөрү Баткендеги кыргыз-тажик чек арасында орун алган каргашалуу окуяда жабыр тарткан чек арадагы айылдарда бүгүнкү күндө калыбына келтирүү иштери кызуу жүрүүдө. Жалпысынан Баткен жана Лейлек районунда 140 үй курулуп жатат. Баткен районунда 40. Ал эми Лейлек районунда 100»,- деп айтылат маалыматта.

Малыматка караганда, Учурда Лейлек районунун Максат айылында 60 үй-бүлө өз үйлөрүндө жашап жатат. Үйлөр заманбап бардык керектүү шарттары каралган. Жалпы Максат айылы боюнча 84 үй курулат.

Мындан сырткары айылдагы социалдык маселелерден мектеп, жолдорго асфальт төшөө иштери жана ҮДТны оңдоп түзөө иштери бүткөрүлгөн. Кошумча бала бакчанын курулушу жүрүп жатат.

140 үйдүн курулуш иштери толугу менен жакынкы аралыкта аяктап, 31-август Кыргызстандын эгемендүүлүк алган күнүнүн 30 жылдыгына карата тапшырылуусу күтүлүүдө.