Кыргыз-тажик чек арачылары траншея казуу иштери боюнча жолугушуу өткөрүүдө

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын чек арага жакын жерде макулдашпастан траншея казуу иштерине байланыштуу жолугушуу өткөрүүдө. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой бүгүн, 22-августта саат 11:15терде «Головной» суу бөлүштүрүүчү жайына жакын жерде тажик тарап күн мурун, 21-августта Ак-Суу дарыясынын батыш тарабында казган траншеяга цемент куюу үчүн калыптарды орното баштаган.

Чек ара кызматы тажик тарап муну менен чек арага жакын жерде курулуш иштерин токтотуу боюнча мурда жетишилген макулдашууларды биринчи ирет бузуп жатпагынын белгилейт.

Учурда чек арачылар кыргыз-тажик чек арасындагы абалды көзөмөлдөп жатат. Бардык бөлүмдөр кадимки тартипте кызмат өтөөдө. Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.