Кыргыз-тажик чек арасы боюнча депутаттар эмне дейт?

Бүгүн, 27-февралда Жогорку Кеңеште УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев кыргыз-тажик чек арасы боюнча баяндама жасады.

Бул боюнча Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы №2 Баткен округунан депутат болуп шайланып келген Бактыяр Калпаев менен Баткен облусунун Лейлек районуна караштуу Тогуз-Булак айылында туулган, «Ишеним» фракциясынан депутат Миргүл Темирбаеванын ой-пикирин уккан.