Кыргыз-тажик чек арасы: Эки өлкөнүн аксакалдары жолугушту

Кыргызстан менен Тажикстандын чек арага чектеш аймактарындагы айылдардын аксакалдары жолугушту. Бул тууралуу Баткен ОИИБден билдиришти.

«Баткен районунун Көк-Таш, Ак-Сай, Таш-Тумшук айылдарынын аксакалдары менен Согди облусунун Чорку жамаатынын Сомониён, Майский кыштагынын аксакалдары эки элдин ортосундагы карым-катнашты бекемдөө, мамилени улантуу максатында чектешкен аймактарда жолугушууларды өткөрүп жатат. Анда Баткен РИИБдин начальниги милициянын полковниги Алмазбек Шагамурзаев менен Согди облусунун Исфара-2 РИИБдин начальниги милициянын подполковниги Анвар Рахманзода, Ворух ички иштер бөлүмүнүн начальниги милициянын полковниги Миролизода Субхан биргеликте коопсуздукту камсыздоо, туруктуулукту сактоо максатында аксакалдардын жолугушууларына катышууда. Жолугушууда эки тараптын аксакалдары эзелтеден бери кошуна экендигин, бир арыктан суу ичерин белгилешип, биримдикте жашоо керектигин билдиришти. Жаштарды да ынтымакка чакырып, карым-катнашты бекемдейбиз деп сөз беришти», — деп айтылат маалыматта.