«Кыргыз-тажик чек арасы жабылганда ата-энем Тажикстанда калып калышкан. Эми келе албай жатышат» дейт кызы

Кыргыз-тажик чек арасы жабылганда ата-энем Тажикстанда калып калышкан. Эми келе албай жатышат. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине коңшу өлкөдө калып калган жарандардын кызы билдирди.

Анын айтымында, ата-энеси Тажикстанга жакындарынын үйүнө кетишкен. Бирок чек ара жабылып калып, Кыргызстанга кире албай калышкан. «Биз Ош облусунан болобуз. Ата-энебиз 2 ай мурда Тажикстандагы туугандарга кетишкен. Чек ара жабылып, алар коңшу өлкөдө калып калышты. Эми кайра өлкөгө кире албай жатышат. Алардын айтымында, башка өлкөдө кыйналып жатышыптыр», — деди ал.

21-майдан тарта Тажикстандын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагы аркылуу кирүүсүнө, чыгуусуна, өтүүсүнө жана транзит менен өтүүсүнө убактылуу чектөөлөр киргизилген. Мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик бөлүгүндө жайгашкан өткөрүү пункттарында товарларды жана транспорт каражаттарын Тажикстанга өткөрүүгө тыюу салынган. Чек ара эки өлкөнүн дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү, ошондой эле чет мамлекеттердин, эл аралык уюмдардын дипломатиялык өкүлчүлүктөрүнүн кызматкерлери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү үчүн гана ачык.