Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери аяктап, жумушчу топторго жыйынтыктоочу документти даярдоо тапшырмасы берилди

4-декабрда Баткен облусунун Баткен шаарында кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын теңтөрагалары Камчыбек Ташиев жана Саймумин Ятимов ортосунда жолугушуусу болуп өттү.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын өкмөттүк делегацияларынын башчылары макулдашууга жетишип, кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасынын калган тилкелеринин сыпаттамасын толугу менен аякташты жана кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери боюнча Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын Өкмөттүк делегацияларынын жумушчу топторуна кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасын делимитациялоо боюнча жыйынтыктоочу документтерди даярдоо боюнча тапшырмаларды беришти.

Жолугушуу достуктун жана өз ара түшүнүшүүнүн кырдаалында өттү.