Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери бир апта ичинде жанданат. Ал эки ай мурда токтоп калган

Кыргыз-тажик чек арасын тактоо иштери бир апта ичинде жанданат. Бул тууралуу УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев билдирди.

«Тажик тарап менен жолугушууда чек ара маселеси чечилмейинче чыр чыга берээрин белгиледик. Чек араны тактоо боюнча комиссиянын иши эки ай мурда токтоп калган болчу. Ошонун ишин тез арада баштоону чечтик. Жумушчу топ талашып же чече албай турган маселеге туш болсо, анда кайрадан жолугушуу өткөрмөй болдук. Кайсы бир протоколдорду жокко чыгаруу комиссиянын иштөө тартибинде чечилет. Чек араны тактоо иштерин жергиликтүү элдин кызыкчылыгынын негизинде жүргүзөбүз», — деди УКМКнын төрагасы.