Кыргыз-тажик чек арасында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Сейсмология институтунун такталган маалыматына ылайык, бүгүн, 22-ноябрда саат 13:16да Кыргыз Республикасы менен Тажикстан Республикасынын чектешкен аймагында күчү 4 магнитудасына жеткен жер титирөө катталды.

Жер титирөө Ош облусунун Чоң-Алай районунун Ачык-Суу айылында 3,5 балл, Кара-Шыбак, Дароот-Коргон, Кызыл-Эшме, Кабык айылдарында 2,5 (Ачык-Суу айылынан 10 чакырым түштүктө, Ош шаарынан 133 чакырым түштүк батышта) чейин сезилген.

Алдын ала маалымат боюнча, жер титирөөдөн жабыркагандар жана кыйроолор катталган жок.