Кыргыз-тажик чек арасында абал курч. Ок атышуу уланып жатат

Кыргыз-тажик чек арасында абал курч. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Эки өлкөнүн чек ара кызматтарынын өкүлдөрүнүн сүйлөшүүсүнүн жыйынтыгында Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө жергесиндеги тилкеси саат 19:30да ачылган. Бир канча мүнөттөн кийин абал начарлап кетип, тажик тарап ок атууга өтүп, Баткен районунун Чыр-Дөбө жергесиндеги Кыргыз Республикасынын чек ара бөлүктөрүн ок чыгарды.

«Эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосундагы атышуу негизинен Төрт-Көчө жана Чыр-Дөбөдө жүрүп жатат. Тажик тарап миномет жана гранатомет колдонууда», — деп жазылат маалыматта.

Бүгүн, 27-январда саат 18:00 чамасында Баткен-Исфана жолунун Төрт-Көчө жергесиндеги тилкесин тажик аскерлери бууп алышканын жергиликтүү тургундар билдирген. Соцтармактарга тараган видеодо жолго таш тизип алганы көрүнөт. Чек ара кызматынан аталган тилкедеги кыргыз чек арачылары күчөтүлгөн тартипте кызмат өтөөгө киришкенин билдиришкен.