«Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу». УКМК депутат Аккулу Бердиевдин айткандарын четке какты

Жогорку Кеңешинин депутаты Аккулу Бердиевдин «Тажикстандын аскер кызматкерлери Чоң-Алай районунун тургундарына жайлоого чыгууга уруксат бербей жатыптыр, алар үйлөрүнө, малдарына ок чыгарып жатышыптыр» деген маалыматы чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кзматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 27-май саат 17:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу.

«Бүгүн тажик чек арачылары менен болгон сүйлөшүүлөрдөн кийин жайлоого мамлекеттик чек аранын такталбаган бөлүгү аркылуу барууну каалаган кыргыз жарандарына өтүүгө уруксат берилгени маалым болду. Кыргызстандын жарандарынын үйлөрүнө жана малдарына ок атылды деген маалымат таптакыр чындыкка дал келбейт. Кыргыз-тажик чек арасы Чек ара кызматынын көзөмөлүндө»,- деп айтылат маалыматта.

Эске салсак, бүгүн, 27-майда ЖКнын кезектеги жыйынында депутат Аккулу Бердиев айыл тургундары жайлоого чыгууга жана мал жаюуга тажик аскерлери тоскоолдук кылып жатышат деп нааразы болур жатканын айтып чыккан эле.