Кыргыз-тажик чек арасында абал туруктуу. УКМК дүрбөлөңгө түшпөөгө чакырды

Бүгүн, 22-мартка карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, күч түзүмдөрү мамлекеттик органдар менен бирдикте абалдын туруктуу болушуна багытталган иш-чараларды өткөрүүдө. «Чек араны биргелешип кайтаруунун сапатын жакшыртуу максатында Кыргыз Республикасынын чек ара өкүлдөрү тажик тараптын өкүлдөрү менен ар кандай деңгээлдеги жолугушууларды дайыма өткөрүп турушат. Анткен менен, акыркы мезгилде жергиликтүү калктын арасында такталбаган жана калп маалыматтар таркаган учурлар көбөйүүдө. Чек ара кызматы жарандарды ар кандай ушак-айыңдарга жана ызы-чууга алдырбоого чакырат. Кандайдыр бир суроо жарала турган учурда жарандар жакынкы чек ара бөлүмдөрүнө кайрылуулары зарыл», — дешти.