Кыргыз-тажик чек арасында жаракат алган чек арачылардын абалы айтылды

3-июнда кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы атышууда Булак-Башы тилкесинде жарадар болгон жоокерлер Улуттук госпиталда дарыланууда. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Аскер кызматкерлеринин ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда. Аларга өлкө жетекчилиги, мамлекеттик органдар жана чек ара департаменти тарабынан керектүү жардамдар көрсөтүлүп жатат», — деп айтылат маалыматта.

3-июндагы кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда 2 чек арачы жаракат алган. Алар Бишкекке жеткирилип, бирөөсүнө операция жасалган.