Кыргыз-тажик чек арасында кайрадан ок атылып жатат

Бүгүн, 3-июнда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу катталды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кезмети Баткен районуна караштуу Булак-Башы жерлигинде кызмат өтөө учурунда Тажикстандын чек арачыларын Кыргызстандын аймагына шарттуу чек ара сызыгын мыйзамсыз кесип өткөндүгүн байкашкан. Чек арачылардын Кыргызстандын аймагынан чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарын этибарга албай, тажик чек арачылары Кыргызстандын аскер кызматкерлерине ок чыгарган.

Эки өлкөнүн чек ара кезметтеринин ортосунда ок атышуу орун алып, тажик тарап миномётторду колдонгон. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыргыз тараптан жабыркагандар жана жаракат алгандар жок.

«Саат 13:00гө карата атышуу уланууда. Чек ара кызматы кырдаалдын курчушуна жол бербөө үчүн бардык чараларды көрүп жатат», — деп айтылат маалыматта.