Кыргыз жарандары сабалган. Кыргыз-тажик чек арасында кармалган жарандар бошотулду

Чек арада кармалган жарандар бошотулду. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, Баткен облусунун Тажикстан менен чектешкен Ак-Сай айылынын жергиликтүү тургундары, бүгүн эртең менен Ак-Сай айылынан үч тажик жаранын кармашкан. Жергиликтүү тургундар тажик жарандарынын Кыргызстандын аймагында жүргөндүгүнүн себебин тактоо максатында милицияга өткөрүп беришкен. Ошол эле учурда тажик жарандары Тажикстандын Ворух айылы аркылуу, жайлоодон келе жаткан үч кыргыз жаранын кармап алышкан. Бул окуя боюнча Баткен жана Согди облусунун башчылары телефон аркылуу сүйлөшүп, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине жеринде жолугуп, сүйлөшүүлөр жүргүзүү боюнча тапшырма беришкен.

«Натыйжада, эки облустун күч түзүмдөрүнүн жетекчилери жолугуп, эл менен бирге макулдашылып, эки тараптан тең кармалган жарандар бошотулду. Алдын ала маалыматтарга ылайык, тажик жарандары кармап алган кыргыз жарандарынын сабалганы айтылып, ооруканага жөнөтүлдү», — деп айтылат маалыматта.