Кыргыз-тажик чек арасында каза болгондор эскерилди (сүрөт)

Бүгүн, 30-апрелде Баткен шаарында 2021-жылдын апрель айындагы жана 2022-жылдын сентябрь айындагы чек ара окуяларынын курмандыктарын эскерүү иш чарасы өттү.

Бул күнү чек ара курмандыктарынын элесине арналып тургузулган эстелик мемориалына гүл чамбарлар коюлуп, аларга багышталып куран окулду. Иш-чарага президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн биринчи орну басары Маруфхан Тулаев баштаган жетекчилер жана чек ара окуяларында курман болгон жарандардын жакындары катышты.

Маруфхан Тулаев өз сөзүндө “Кыргыз-тажик чек арасында эки ирет орун алган куралдуу жаңжал, ар бирибиздин жүрөгүбүздө. Биз бүгүн сиздер менен, ошол окуялардын оор жоготууларын эскерип турабыз. Албетте адам өмүрү кымбат. Үй-жай, мал-мүлк, баарынын орду толтурулду. А бирок жоготкон жарандарыбыздын ордун эч нерсе толтура албай келет. Убакыт баарын дарылайт дейт элибизде, баарыңыздарды кайраттуу болууга чакырам. Чек араны коргоп жатып, мамлекеттин бүтүндүгү үчүн курман болгон баатырлардын элеси ар дайым эсибизде болот. Мекен үчүн курман болгон баатырлардын ата-энелерине таазим этебиз” деди.

Бул күнү чек ара окуяларында курман болгондордун ата-энелери, жакындары тарабынан бышырылган сүмөлөк ачылып, жалпы катышуучулар тынчтык тилеп сүмөлөктөн даам татышты.