Кыргыз-тажик чек арасында ок атылды

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында ок атылды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, кыргызстандыктар Баткен районундагы Көчө-Бою тилкесинде курулуш иштерин жүргүзүшкөн. Окуя болгон жерге Тажикстандын чек арачылары келип, курулушту токтотууну талап кыла баштаганда оозеки жаңжал чыгып, мушташка чейин жеткен. Жаңжал учурунда тажик аскер кызматчыларынын бири Макаров тапанчасынан асманга төрт жолу ок чыгарган.

Окуядан кийин Кыргызстандын Баткен багыты боюнча чек ара өкүлү менен Тажикстандын Исфара багытындагы чек ара өкүлүнүн жолугушуусу болду. Кыргызстандын жарандары чек арага жакын жерде эмес, Көчө-Бою айылынын ичинде курулуш иштерин жүргүзүп жаткандыктан, тажик тарап курал колдонуунун мыйзамсыз экенин моюнга алган. Тажикстандын чек ара өкүлү чыр-чатакка жол берген аскер кызматкерлерине чара көрүлөрүн билдирди. Тараптар бир тараптуу иликтөө жүргүзүп, жыйынтыгын чыгаруу үчүн жолугушууну макулдашты.

Учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу экендигин чек ара кызматы билдирди.