Кыргыз-тажик чек арасында ок атылганы маалымдалууда

Бүгүн, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында ок атышуу болду. Бул тууралуу «Турмуш» жазып чыкты. Алдын ала маалыматтар боюнча, ок атышуу Лейлек районунун Сүмбүл айылына жакын жердеги чек аранын бөлүгүндө башталган. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын аскер кызматкерлери нөөмөттө турушкан.

Көч-Жайлоонун тоолуу бөлүгүндө саат 16:00дөн 17:00гө чейин Тажикстандын аскер кызматкерлери менен жаңжал чыгып, андан кийин атышуу башталып, 20-30 мүнөткө чейин созулган. Маалыматка караганда, каза болгондор жана жаракат алгандар бар.

«Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлү Абдикерим Алимбаев Тажикстандын Согди облусунун өкүлү менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Окуя болгон жерге УКМКнын Мамлекеттик чек ара кызматынын аймактык башкармалыгынын башчысы Кыялбек Төлөнбаев жана күч структураларынын жетекчилери жөнөп кетишти. Алар Тажикстандан келген кесиптештери менен биргеликте окуянын себептерин иликтешет», — деп айтылат маалыматта.

Расмий бийлик бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине билдирүү даярдалып жатканын айтты.