Кыргыз-тажик чек арасында окко учкан үч чек арачыга куран окулду

29-апрелде Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышууда Ат-Башы районунун Ак-Муз айылынын уулу Эсентур Кубанычбеков баатырларча курман болгон.

Бүгүн, 29-апрелде президенттин Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алтынбек Эргешов жана Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин чек ара кызматынын Нарын облустук чек ара башкармалыгынын башчысы Курманбек Исраилов баштаган күч түзүмдөрүнүн жетекчилери, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү Эсентур Кубанычбековго куран окуп, жакындарына көңүл айтышты.

Ак-Муз айылындагы Эсентур Кубанычбеков атындагы сейил бакта Эсентур Кубанычбековдун жана аны менен бирге окко учкан Бекзод Юлдашовдун, Манасбек уулу Нурсултандын эрдиктери эскерилип, баатырларга куран окулду.