Кыргыз-тажик чек арасында түн тынч өттү. Учурдагы абал айтылды

Бүгүн, 17-сентябрь саат 08:00гө карата кыргыз-тажик чек арасында абал турукташуу тенденциясы менен чыңалган бойдон сакталып турат. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.

«Түн тынч өттү. УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусуна караштуу бөлүктөрүнүн өздүк курамы күчөтүлгөн режимде кызмат өтөөнү улантууда», — деп айтылат маалыматта.