Бүгүн, 24-майда кыргыз-тажик чек арасында президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Тажикстандын Согди облусунун башчысы Раджоббой Ахмадзода баштаган жетекчилердин жолугушуусу болуп өттү. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнөн билдиришти.
Жолугушууда чек ара аймактарында тынчтыкты сактоо, коомдук коопсуздукту камсыз кылуу, провакациялык маалыматтарга жол бербөө жагы сүйлөшүлгөн. Ошону менен катар чек ара аймактарында учкучсуз аппараттарды (дрон) учурбоо макулдашылды.
Аны менен катар чек ара айылдарында сугат сууну өз ара макулдашуу менен пайдалануу, пикир келишпестиктерге жеткирбөө жагы сүйлөшүлдү. Жолугушууга эки тараптан тең чектеш райондордун акимдери жана облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышты.