Кыргыз-тажик чек арасындагы абал турукташты

иллюстрация

Бүгүн, 28-апрелде кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн жарандарынын ортосунда таш ыргытуу болгону кабарланган. Чыр чыккан аймактагы абалды билүү үчүн СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттиги Баткен облустук администрациясы менен байланышты.

Алар учурда абал тынч экендигин, чыр тажик тараптын камера орното баштаганынан чыккандыгын айтышты.

«Аталган аймакта таш ыргытуу токтоп, абал турукташты. Учурда Баткен районунун акими менен Исфара районунун акими сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Сүйлөшүүлөрдүн соңунда чек ара маселеси боюнча маалымат берилет», — деп билдиришти.