Кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу, түн тынч өттү

Бүгүн, 26-декабрда саат 11:00гө карата кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу жана түн тынч өттү. Бул тууралуу Чек ара кызматынан маалымдашты.

Кечээ, 25-декабрда саат 14:30 чамасында Лейлек районундагы Сай аймагында Тажикстандын чек арачылары өздөрүнүн постунун аймагына миномет орнотушканы, кийин Көк-Таш айылында 3-4 Тажик жараны Кыргыз жарандарынын 4кө жакын унаасына таш ыргытышканы маалымдалган.