Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Баткен районунун башка аймактарында абал тынч

Бүгүн, 3-июнда Баткен районунун Булак-Башы жергесинде курал колдонуу менен эки мамлекеттин чек арачыларынын ортосунда чыр чатак катталды. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда УКМКнын Чек ара кызматынын директору Уларбек Шаршеев жеке өзү көзөмөлгө алып, чыр-чатак чыккан убакыттан баштап байланышып, жолугуп окуя болгон жерде иш алып барып жатат.

Азыркы учурда ок атышуу токтолгон. Чек ара кызматынын берген маалыматы боюнча жаракат алгандар бар. Калган аймакта абал тынч.