Чек арадагы атышуу. Чоң-Алайдагы 5 айылдын тургундагы эвакуацияланды

Ош облусунун Чоң-Алай районундагы 5 айылдын тургундары эвакуацияланды. Маалыматты журналисттерге Жекенди айыл өкмөт башчысы Болот Нышанбаев билдирди.

Айыл өкмөттө 5 айыл бар. Алар — Жекенди, Кара-Тейит, Карамык, Шиби жана Чулук. Тиешелүү буйрук жарандык коргонуу комититинен келген.

Буга чейин Чек ара кызматынан тажик тарап Оштун Чоң-Алайындагы чек ара заставаларына ок чыгарганын билдиришкен.