Чек арадагы атышуу. Жабыркагандарга психологиялык жардам көрсөтүлүп жатат

Баткен облусунун тургундарына акысыз психологиялык жардам көрсөтүлүүдө. Бул тууралуу Биринчи балдар хосписинин директору Ольга Труханова Фейсбуктагы баракчасына билдирди.

Психологдор Бишкекте жайгашкан, бирок онлайн иштейт. «Булар кыргыз тилдүү психологдор. Жазышсын, чалышсын», — деди Ольга Труханова.