Кыргыз-тажик чек арасындагы атышуу. Окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 8-июлда саат 17:00дө кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин ортосунда ок атышуу болду. Бул маалыматты УКМКнын Чек ара кызматынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, Кыргызстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара кызматынын атчандар отряды Баткен облусунун Лейлек районундагы Наумин ашуусунун аймагында кыргыз-тажик чек арасында кызмат өтөп жүрүшкөн. Чашмагилдан ашуусунун аймагында Кыргыз Республикасынын УКМКнын чек ара кезметинин отряды күтүүсүздөн Тажикстандын чек арачылары тарабынан кол салууга дуушар болду. Аскер кызматкерлеринин ортосунда атышуу катталган. Учурда жабыркагандар жөнүндө маалымат такталып жатат. 

Окуянын себептерин жана жагдайларын билүү үчүн окуя болгон жерге УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын башчысы, полковник Кыялбек Төлөнбаев жана коопсуздук органдарынын жетекчилери жөнөп кетишкен. Тараптардын чек ара өкүлдөрү бул фактыны териштирип жатышат.