Баткен облусундагы кыргыз-тажик тилкесинде абал туруктуу. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, кечээ, 9-июлда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгында, кыргыз-тажик чек арасындагы окуяда Тажик тарабынан кармалган Кыргызстандын Чек ара кызматынын аскер кызматкери, прапорщик З.Умаров кыргыз тарапка өткөрүп берилди. «Бүгүн ал Кыргызстандын чек ара өкүлү менен «Кайрагач-Автожол» өткөрүү пункту аркылуу Кыргызстанга келди. Чек арачынын абалы канааттандырарлык деп бааланууда», — деп айтылат маалыматта.
8-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Анын кесепетинен 27 жаштагы чек арачы көз жумган. Ал эми дагы бир чек арачыны тажик тарап кармап кеткени маалым болгон.