Чек арадагы атышуу. УКМК бир чек арачы тажик чек арачылары тарабынан кармалганын тастыктады

Кечээ, 8-июлдагы кыргыз-тажик чек арасындагы Чашмагилдан аймагындагы атышууда бир кыргыз чек арачысы тажик чек арачылары тарабынан кармалып, Тажикстандын аймагына өткөрүлүп кеткен. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда атышуу болгон жерде Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү фактыны териштирип жатышат. «Баткен облусу боюнча Чек ара кызматынын башкармалыгынын начальниги Кыялбек Төлөнбаев тажик тарап кармап кеткен чек арачыны кайтарууну талап кылды. Учурда тараптар сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат», — деп айтылат маалыматта.

Кечээ, 8-июлда кыргыз-тажик чек арасында эки өлкөнүн чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Кесепетинен 27 жаштагы чек арачы көз жумду.