Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда 24 кыргызстандык көз жумду

Баткендеги кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдан облустагы ооруканаларга 24 сөөктү алып келишти. Бул туурасында Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Ошондой эле саламаттыкты сактоо уюмдарына жалпысынан 87 жабырлануучу жаткырылган, анын ичинен 5 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлгөн.