Чек арадагы атышууда 31 жаштагы Ислам уулу Бектур көз жумду

Лейлектеги №2001 аскер бөлүгүнүн кызматкери, прапорщик Ислам уулу Бектур кыргыз-тажик чек арасындагы ок атышууда каза болду. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине туугандары билдиришти.

«1991-жылы Ош облусунун Жапалак айылында туулган. №2001 аскер бөлүгүндө кызмат өтөп жүргөн. Артында 2 баласы калды. Кечээ, 16-сентябрда көз жумду», — дешти.