Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жабыркагандардын саны 121ге жетти

17-сентябрь саат 14:00гө карата саламаттык сактоо уюмдарына жаткырылган жабырлануучулардын жалпы саны 121ге жетти, 7 жабырлануучу амбулатордук дарылоого жөнөтүлдү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

1. Баткен облустук бириккен ооруканасында 41 жабырлануучу;

2. Лейлек ЖДПБ 35 жабырлануучу;

3. Кулунду ЖДПБ — 3 жабырлануучу;

4. Сүлүктү ЖДПБ — 6 жабырлануучу;

5. Улуттук госпиталда 21;

6. Улуттук хирургиялык борбордо 1;

7. Эне жана баланы коргоо улуттук борборунда 6;

8. Ош облустук бириккен ооруканасында 1 жабырлануучу бар.