Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган бала: «Кошунабызга суу ташып жардам берип жаткам»

Kloop'тон алынды

Кечээ, 14-сентябрда кыргыз-тажик чек арасында атышуу болуп, 5 жаран жаракат алды. Алардын арасында 11 жаштагы Нуркамил Сарыкулов да бар. Ал бүгүн өзүн жакшы сезип жатканын айтты.

«Менин атым Нуркамил Сарыкулов. Мен кошунабызга суу ташып, жардам берип жаткам. Жер төлөөгө киргенде эле «бам» деген үн чыкты. Анан ысык нерсе колума тийди. Үйдө эч ким жок болчу. Апам жумушта эле. Апам менен чоң атам ооруканага алып келишти»,- деди ал.