Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда жаракат алган мекендештер үчүн кан тапшыруу жүрүп жатат

Жаракат алган мекендештерибиз үчүн кан тапшырууну каалагандар Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов проспектиси, 60 дареги боюнча Республикалык кан борборуна кайрылса болот. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинен билдиришти.

Иштөө тартиби: дүйшөмбү-жума 8:00 – 14:00 чейин; Ишемби күнү 8:00 – 11:00 чейин.

«Кан тапшыруу үчүн паспорт, айдоочулук күбөлүк же аскер билети болушу шарт. Кан тапшыраардын алдында майлуу, куурулган, сүт азыктарынан баш тартуу керек. Облустардагы бардык Кан борборлору да ушул эле тартипте иштейт»,- дешти.