Чек арадагы атышууда каза болгон чек арачынын жакындарына үй берилет

Кыргызстан менен Тажикстандын аскерлеринин чек арадагы куралдуу кагылышуусу учурунда каза тапкан Хуснидин Хожиевдин үй-бүлөсүнө үй берилет. Бул маалыматты Министрлер кабинетинин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнөн тастыкташты.

«Бүгүн президент Садыр Жапаров кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылуушуда курман болгон чек ара кызматынын кызматкери Хуснидин Хаджиевдин үй-бүлөсүнө терең кайгыруу менен көңүл айтып, маркумдун жакындарына колдоо максатында, Баткен шаарында 82 чарчы метр аянттуу жаңыдан курулуп жаткан үйдү берүүнү тапшырды», — деп айтылат маалыматта.

8-июлда Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасында Кыргызстан менен Тажикстандын чек арачыларынын ортосунда атышуу катталган. Анын кесепетинен Кыргызстандын 27 жаштагы чек арачысы тажик тараптын огунан көз жумган. Кечээ, 9-июлда анын сөөгү туулуп-өскөн айылына Тажикстан аркылуу алып келинген.