Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда каза болгон сержанттын сөөгү алып келинди

Бүгүн, 9-июлда саат 22:30да Кыргызстанга 8-июлда куралдуу кол салуудан улам каза болгон УКМКнын Чек ара кызматынын аскер кызматкери сержант Хуснидин Хожиевдин сөөгү алып келинди. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

Табыт Баткен гарнизонунун Аскер прокуратурасынын кызматкерлери жана УКМКнын Чек ара кызматынын Баткен облусу боюнча башкармалыгынын өкүлдөрүнүн коштоосунда Кыргызстандын аймагына кыргыз-тажик мамлекеттик чек арасындагы «Кайрагач-авто жол» көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу алып келинген.

«Тажик аскер кызматкерлери тарабынан кармалган УКМК Чек ара кызматынын чек арачысын алып келүү боюнча Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн сүйлөшүүлөрү уланып жатат. Ал эми саат 19:18 чамасында Чашмагилдан ашуусунда кыргыз тарапка 3 кызматтык аттар жабдыктары менен өткөрүлүп берилген»,- деп айтылат маалыматта.