Кыргыз-тажик чек арасындагы атышууда Кыргызстандын 2 чек арачысы жаракат алды

14-сентябрда Булак-Башы жерлигинде орун алган куралдуу чыр-чатактын кесепетинен УКМКнын Чек ара кызматынын 2 аскер кызматкери жаракат алды. Бул тууралуу УКМКнын Чек ара кызматынан билдиришти.

«Минометтун снарядынын жарылышынан бир чек арачы жеңил жараат алган — минометтун снарядынын сыныктары денесине чийип өтүп, экинчи жоокер контузия алды. Аларга бардык керектүү медициналык жардам көрсөтүлүп, аскер кызматкерлери дарыгерлердин көзөмөлүндө. Алардын ден соолугунун абалы канааттандырарлык деп бааланууда»,- деп айтылат маалыматта.