Кыргыз-тажик чек арасындагы чырларды чагылдырган кабарчы Арзыгүл Галымбетова каза болду

«Акипресс» сайтынын аймактык кабарчысы, кыргыз-тажик чек арасындагы чырларды чагылдырган Арзыгүл Галымбетова каза болду. Ал 37 жашта болгон. Жакындарынын айтымында, кабарчынын жүрөгүнүн согуусу токтоп калган.

«СЕРЕП МЕДИА» маалымат агенттиги маркумдун жакындарына жана туугандарына көңүл айтып, аза кайгысын тең бөлүшөт.